21 апрель 2026
Кароолор: 14
Баткен облусунун жетекчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 35 жылдык иш чарасына катышты
Баткен облусунун жетекчилиги жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 35 жылдык иш чарасына катышты
Бүгүн, 20-апрелде Ош шаарында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасынын 35 жылдыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эльчибек Джантаев, Президенттин Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Ош шаарынын мэри, ошондой эле Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын узак жылдар бою жетектеп, үзүрлүү эмгек кылган ардагер жетекчилер жана башка өкүлдөр катышты.
Алардын катарында Баткен облусунун жетекчилиги жана бир катар ардагерлер “Нарктуу жетекчи” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун отличниги” төш белгилери менен сыйлынышты.
Кыргыз Республикасынын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мамыржан Рахимов, өз сөзүндө “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,аймактарды өнүктүрүүгө,жарандардын турмуш шартын жакшыртууга зор салым кошуп келе жатканын белгилеп,жалпы система 35 жылда калыптанып,такшалып,бийликтин элге эң жакын өзөгү боло алды”деп белгиледи.